КУРТКА КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРТКА КАПЧЫГАЙЫ Молдо-Тоонун түш. капталында. Ак-Талаа р-нунун аймагында. Куртка суусунун аккан багыты б-ча түндүктѳн түштүккѳ 30-33 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2-3 км, кууш жери 400-600 м; деңиз деңг. 1800-2600 м бийикте жатат. Формасы V сымал. Капчыгай суу эрозиясы менен аккумуляциясынын кесепетинен карбондун кумдук, сланец, конгломерат тектерин жеп, үбѳлѳнүшүнѳн пайда болгон. Таманында тѳртүнчүлүк мезгилдин чѳкмѳ тектери жокко эсе. Капчыгайга талаа, шалбаалуу талаа (2300 мге чейин), токой аралашкан шалбаа ландшафт алкактары мунѳздүү. Капчыгай аркылуу Ортоңку Нарын жана Соң-Кѳл ѳрѳѳндѳрүн туташтырган автомобиль жолу ѳтѳт.