КУРСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРСК - Россиядагы шаар. Курск обл-нун адм. борбору. Сейм д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 410,8 миң (2009). Т. ж. тоому. Аэропорту бар. К. аркылуу «Крым» федерация автотрассасы ѳтѳт. Болжол менен 9-к-да пайда болгон. Шаарга 2006-ж. «Жоокер даңкы шаары» наамы берилген. Эркектер кечилканасы (1613), чиркѳѳлѳр, 17-19-к-дын арх-ралык эстеликтери (а. и. князь Ромодановскийдин палатасы), Троица собору, шаардын четинде үй-чарбактар ж. б. кѳптѳгѳн арх-ра эстеликтери сакталган. Улуу Ата Мекендик согушта немис баскынчылары басып алган (1941-43) Курск салгылашынын (1943) жүрүшүндѳ шаар катуу талкаланууга учураган. Согуштан кийин калыбына келтирилген. Бир нече эстеликтер (а. и. «Курск» кемесинин экипажына, 2003) жана мемориалдык эстеликтер тургузулган. Машина куруу [ишканалары: «Маяк» (дозиметр, радиацияны кѳзѳмѳлдѳѳчү приборлор), «Прибор» (авиация приборлору, радиоэлектроника жабдуулары ж. б.), аккумулятор, электр-аппаратура ж. б.], хим. (хим. була, резина-тех. буюмдар), хим.-фармацевтика («Фармстандарт»; негизинен парацетамол чыгарат), жеңил, тамак-аш ѳ. ж. ишканалары иштейт. Ун-ттер, ИИИлер, ин-ттар, театрлар, филармония, музейлер (а. и. край таануу, Курск салгылашынын аскер-тарыхы; 1963), сүрѳт галереясы бар. Жыл сайын бүткүл Россиялык ыр, романс, иск-во фестивалдары ѳткѳрүлүп турат.