КУРМАНБЕКОВ Жумабек
КУРМАНБЕКОВ Жумабек (1929, азыркы Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Ой-

Терскен айылы – 1991, ошол эле жер) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1966). 1948–71-ж. Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы «Ача-Кайыңды» совхозунун баш чабаны. 1961–65-ж. ар бир ириктен 4,8–5,2 кг жүн кыркып алган. 1972–82-ж. чарбада ферма зоотехниги, 1983-жылдан топоз
фермасынын бригадири. 1967–75-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган.