КУРКУЛДАК АК КУУ
КУРКУЛДАК АК КУУ (Cygnus Cygnus) – өрдөк сымалдар тукумунун куулар уруусундагы куш. Дене уз. 150 смге жетет, моюнунун уз. денесиндей же андан узун. Мезгилге жараша жер которуп жүрүүчү куш. Ысык-Көлдө кыштайт. Кээ бир маалыматтарга караганда бул түрдүн Соң-Көлдө 1968-, 1974-, 1975-жылдары уялап, жумуртка тууп, балапан басып чыгарганы байкалган. Бирок көбүнчө Казакстандын түш. аймагындагы көлдө уялайт. Суу астындагы өсүмдүктөр жана майда омурткасыз жаныбарлар менен азыктанат. 1959-жылдан тартып аны кармоого жана атууга тыюу салынып, КРдин Кызыл китебине катталган.