КУРГАКЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРГАКЧЫЛЫК – жаан-чачындын жаз, жай мезгилдеринде узак же кыйла убакыт тартыш болушу. Мындай учурда абанын темп-расы жогорулап, нымдуулугу төмөндөйт. Топурактын ным кору азайып, өсүмдүктөрдүн өсүмү начарлайт же таптакыр чыкпай калат. К. адатта, антициклондун туруктуу болушуна байланыш­туу. К-ка каршы агротех. жана мелиорациялык, кыртышты коргоо, бак-дарак отургузуу ж. б. иш-чараларды жүргүзүү зарыл.