КУРГАКЧЫЛ КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРГАКЧЫЛ КЛИ́МАТ – буулануу жыл бою жааган жаан-чачындан кыйла ашып кеткен климат. Ага күндүн ачыктыгы, булуттун пайда болушуна тоскоолдук кылган конденсация процессинин жогорку деңгээли, абанын темп-расынын суткалык кескин өзгөрүүсү мүнөздүү. К. к. шартында физ. талкалануу процесси жүрүп, ре­льефтин эолдук формасы түзүлөт. Чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Чарбачылыгы жасалма сугат менен жүргүзүлөт. Ад-ттарда «ариддүү аймак» деп да аталат.