КУРГАКЧЫЛ КЛИМАТ
КУРГАКЧЫЛ КЛИ́МАТ – буулануу жыл бою жааган жаан-чачындан кыйла ашып кеткен климат. Ага күндүн ачыктыгы, булуттун пайда болушуна тоскоолдук кылган конденсация процессинин жогорку деңгээли, абанын темп-расынын суткалык кескин өзгөрүүсү мүнөздүү. К. к. шартында физ. талкалануу процесси жүрүп, рельефтин эолдук формасы түзүлөт. Чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Чарбачылыгы жасалма сугат менен жүргүзүлөт. Ад-ттарда «ариддүү аймак» деп да аталат.