КУРГАК-САЙ ГИПС КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРГАК-САЙ ГИПС КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Түп пристанынан 95 км чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы Чаар-Кудук жайытында, деңиз деңг. 2250–2700 м бийикте. Кенди 1961-ж. Кыргыз ССР геол. башкармасы ачып, үстүнкү катмарында алгачкы геол. чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Кен ай­магында карбон мезгилинин башкы ярусуна тиешелүү чөкмө катмарлар (алевролит, кумдук, акиташ, гипс) түштүккө карай 35–65° жантайып жатат. Пайдалуу катмар – гипс, ал линза сымал кабат түрүндө кездешет. Анын калыңдыгы 25 м, өңү боз, ак, кээде кызгылт, кристалл же була сыяктуу. Гипсти курулушта, цемент даярдоодо, активдүү кошумча материал катары колдонсо болот. 2,7 км узундукка, 55 м тереңдикке жеткен кендин С1 категориясы б-ча эсептелген запасы 5 млн тдан ашык. Ачык түрдө казып алса болот.