КУРБАН-КАРА
КУРБАН-КАРА – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Савай айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кара-Суу ш-нан 6 км батыш тарапта. Калкы 2211 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.