КУНЖУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНЖУТ (Sesamum indicum L.) – кунжуттар тукумуна кирүүчү бир жылдык өсүмдүк. К. эң байыркы майлуу өсүмдүктөрдүн бири. Азияда, Африкада жана Европанын кээ бир аймактарында кездешет. Кытайда, Египетте, Индияда, Аравияда, Ява а-нда жана Палестина өлкөлөрүндө кеңири таралган. Борб. Азияда негизинен Өзбекстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда айдалат. К. – бийикт. 120–150 см, тик өскөн өсүмдүк. Тамыры 1 м тереңдикке чейин сүңгүйт, мөмөсү – сүйрү чанак. Чанагында 70–80 майда жалпак уругу бар. Уругунда 47–63% май, 19-25% белок жана 46–49% олеин, 8–9% пальметин, 4–5% стеарин, 0,4–1% арахин к-талары болот. К-тун майы кондитер азыктарын жана маргарин жасоодо пайдаланылат. Кубанец 55, Краснодарец, Ташкент 122 деген сорттору бар. Кырг-ндын түш. аймагында өстүрүлөт.