КУНАШИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНАШИР – Курил а-нын курамындагы арал. Аянты 1,5 миң км2дей. Бийикт. 1891 м. Аракеттеги жанартоолор (Тятя, Менделеев, Головнин) жана көптөгөн минералдуу ысык булактар (Ысык-Пляж, Жагымдуу-Булак ж. б.) бар. Карагай, көк карагай, о. эле аралаш жана жазы жалбырактуу токой, курил бамбугу өсөт. К-де Южно-Курильск шаарчасы жайгашкан.