КУНАЖЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНАЖЫН – бир жарым (тай К.), эки (кунан К.), үч (бышты К.) жашар ургаачы уй. К. кунан (эки жашында) кезинде куутка кошулат. Бооз кезинде адегенде торпоктор менен бирге багылып, тууруна 2–3 ай калганда инек уйларга кошулуп, 7–10 күн калганда туут жайга киргизилет. Анын рациону тирүүлөй салмагына, бооз-кысырына жараша түзүлөт.