КУМУРСКАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМУРСКАЛАР (Formicoidae) – курт-кумурскалардын жаргак канаттуулар түркүмүндөгү жалгыз чоң тукум. Курсагынын биринчи, кээде экинчи сегменти ичке белин түзөт. Көбүнүн сайгычы

жана уулуу бездери бар, ал бөлүп чыгарган затта кумурска к-тасы болот. 10 миңге жакын түрү Антар­ктида жана Түн. уюлдан башка жерде, айрыкча тропикте кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 350дөй, Кырг-нда 100дөй түрү бар. Алар бир нече он жана жүз миңден топ­тошуп, татаал уюкта жа­шайт. Уюкта канаттуу эркек жана ургаачыларынан башка жумуртка туучу бир же бир нече ургаачысы жана канатсыз жумушчу К. (жыныстык жактан жетилбеген ургаачылары) болот. Жумушчу К. аларды азыктандырат, уюкту тазалайт. Башка уюктун К-ын өзүнүкүнө жолотпойт. Эркеги ургаачысын уруктандыргандан кийин өлөт; ургаачылары канатын жоготуп, жаңы уюк түзүүгө кирет. К-дын кээ бир түрү бир нече бүлөдөн туруп, азыгын же особдорун алмашуучу, жалпы кароолу бар колония түзөт. Уюгун жерге, таш жана эски жыгач алдына курат. К. зыянкеч курт-кумурскалардын жумурткасы, личинкасы, өсүмдүк уругу, гүл ширеси ж. б. менен азыктанып, пайда келтиргендиктен, алардын уюгун коргоо керек.