КУМУРСКАЛАР
КУМУРСКАЛАР (Formicoidae) – курт-кумурскалардын жаргак канаттуулар түркүмүндөгү жалгыз чоң тукум. Курсагынын биринчи, кээде экинчи сегменти ичке белин түзөт. Көбүнүн сайгычы

жана уулуу бездери бар, ал бөлүп чыгарган затта кумурска к-тасы болот. 10 миңге жакын түрү Антарктида жана Түн. уюлдан башка жерде, айрыкча тропикте кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 350дөй, Кырг-нда 100дөй түрү бар. Алар бир нече он жана жүз миңден топтошуп, татаал уюкта жашайт. Уюкта канаттуу эркек жана ургаачыларынан башка жумуртка туучу бир же бир нече ургаачысы жана канатсыз жумушчу К. (жыныстык жактан жетилбеген ургаачылары) болот. Жумушчу К. аларды азыктандырат, уюкту тазалайт. Башка уюктун К-ын өзүнүкүнө жолотпойт. Эркеги ургаачысын уруктандыргандан кийин өлөт; ургаачылары канатын жоготуп, жаңы уюк түзүүгө кирет. К-дын кээ бир түрү бир нече бүлөдөн туруп, азыгын же особдорун алмашуучу, жалпы кароолу бар колония түзөт. Уюгун жерге, таш жана эски жыгач алдына курат. К. зыянкеч курт-кумурскалардын жумурткасы, личинкасы, өсүмдүк уругу, гүл ширеси ж. б. менен азыктанып, пайда келтиргендиктен, алардын уюгун коргоо керек.