КУМ-ТӨР АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМ-ТӨР АЛТЫН КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нунда, Ак-Шыйрак кырка тоосунун түш.-батыш капталында, Кум-Төр суусунун башталышында, деңиз деңг. 3900–4150 м бийикте, Бишкектен 350 км алыстыкта жайгашкан. Кырг-ндагы эң ири алтын кени. 1978-ж. табылган. 1980–90-жылдары геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы бекитилген. Кен аймагы жаракалар менен биринин үстүнө бири

Кум-Төр кенинин карьери.

жылмышкан рифейде пайда болгон аркоздук кумдук жана венддеги тиллоид, филлит, көмүрлүү сланец, алев­ролит, кумдук, кембрий-ордовиктеги акиташ, лидит, карбондогу кумдук, алевролит, гравелит сыяктуу тектердин катмарларынан түзүлгөн. Карбондогу флишти венддин жашыл сланецте­ринен бөлүп турган тектон. жарака кумтөр жаракасы деп аталат. Кен ушул жараканын жогорку капталы менен анын аябай талкаланган ай­магында жайгашкан. Кенташ венддин жашыл жана көмүрлүү сланецтерине туура келет. Сланецтердин түн.-чыгыш багытындагы жаракалар менен кесилген, аймактары талкаланган, пирит­тешкен, талаа шпатташкан, карбонатташкан. Түн.-чыгыш багытындагы жаракалардын меридиан жана кеңдик багыты б-ча кесилишкен же­ринде кенташтын көп топтолгону байкалган. Кен­таштуу аймак штокверк зонасын түзөт. Анын калыңдыгы 100–320 м, уз. 1200 м. Алтын сульфиддер менен байланышкан. Негизги минералдары: пирит, гематит, шеелит, магнетит, ильменит. Алтындан башка күмүш, вольфрам, молибден бар. Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 4,4 г/т. Алтын запасы 716,909 т, күмүштүкү 273 т. Кен 1996- жылдын аягынан баштап Кум-Төр оперейтинг компаниясы тарабынан казып алынууда.

Компания тарабынан геол. иштерди жүргүзүү­нүн натыйжасында бул жердин борб. Бөлүгүнөн алтынга бай дагы бир штокверк зонасы табылган жана кендин батыш тарабындагы мурдатан белгилүү «Түштүк-Батыш»,«Сары-Төр» аянтта­рында да алтынды казып алуу мүмкүндүгү аныкталган.

К. Осмонбетов.