КУМ-ДӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМ-ДӨБӨ – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Кум-Дөбө айыл округуна караштуу. Кочкор суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1919 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 18 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 84 км. Калкы 3438 (2009); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү, оорукана, дарыкана ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.