КУМ-БЕЛ КӨРҮСТӨНҮ
КУМ-БЕЛ КӨРҮСТӨНҮ – о. кылымдарга таандык көрүстөн. Соң-Көлдүн түш.-чыгыш тарабындагы Кум-Бел суусунун оң өйүзүндө жайгашкан. Мүрзөнүн диаметри 8 м. Күл калдыктары, майда мал сөөктөрү кездешкен. Эстеликтин өзгөчөлүгү – таштан курулган мүрзө сымал курулушта балбал таштын орнотулгандыгы.