КУМАСИ
КУМА́СИ – Гананын борб. бөлүгүндөгү шаар. Ашанти обл-нун адм. борбору. Калкы 1,8 млн (2009). Калкынын саны б-ча Ганадагы 2-шаар. Темир жана автомобиль жолдор тоому. 17-к-да негизделген. Манхия ак сарайы (1925), форт (19-к-дын аягы), Ыйык Киприана чиркөөсү (1913) сакталган. Тамак-аш (жер жаңгак, кокос майы, кондитер азыктары ж. б.), жыгаччылык, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Велосипед, моторлуу велосипед жана трактор чогултулат. Кустардык өндүрүшү (жез, коло ж. б. металлдардан буюмдар, алтын беткеп жасалат) өнүккөн. Ун-т, ИИИлер, иск-во жана кол өнөрчүлөр мектеби, китепканалар, аскер музейи, улуттук маданий борбор бар. Зоопарк уюштурулган.