КУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМ , К у м, Г о м – Ирандын борб. Бөлүгүндөгү шаар. Кум останынын (провинция) адм. бор­бору. Кум д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2009). Автомобиль жана т. ж. тоому. Сасаниддер династиясынын ханы Кавад I тарабынан негизделген. К. – мааниси жагынан 17-к-дан мусулман шейиттердин Мешхедден кийинки 2-ыйык шаары. Шаарда 1980-жылдан аятолла Р. М. Хомейнинин резиденциясы (учурда музей) болгон. Фатима Масуме комплекси (16–20-к.; Фатиманын мавзолейи менен), Хазрат Масуме, Азам (1996) жана Жамкаран (13–14-к., К-га жакын жерде; зыярат кылуучу 2-борбор) ж. б. мечиттер сакталган. Ун-ттер (1980; а. и. Тегерандагы Азад ислам ун-тинин филиалы), музей (1936), китепканалар бар. Нефть ажыра­туучу, айнек, текстиль (кебез-кездеме, кыл торко, тигилүү кийимдер) ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн, килем токулат. Карапа буюмдар чыгарылат.