КУЛУН КӨЛҮ
КУЛУН КӨЛҮ – Фергана тоо тизмегинин түш.- батыш капталындагы тоо көлү. Кара-Кулжа р-нунун аймагында. Тар суусунун оң куймасы – Кулундун башында жайгашкан. Уз. 4,6 км, туурасы 700 м. Көл чанагы деңиз деңг. 2856 м бийикте жатат. Суусу тунук, тузсуз. Кулун өрөөнүн жер көчкү бөгөп калуусунан пайда болгон. Бөгөттүн

бийикт. 120 м, туурасы 500 м, уз. 200 м. Түндүгү менен түш. капталдары тик (60°), урчуктуу аскалар менен курчалган. Айланасы өтө кооз. Аны курчап турган тоолордун түн. капталында карагай, түш. беттеринде арча токою өсөт.