КУЛУН КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛУН КӨЛҮ – Фергана тоо тизмегинин түш.- батыш капталындагы тоо көлү. Кара-Кулжа р-нунун аймагында. Тар суусунун оң куймасы – Кулундун башында жайгашкан. Уз. 4,6 км, туу­расы 700 м. Көл чанагы деңиз деңг. 2856 м бийикте жатат. Суусу тунук, тузсуз. Кулун өрөөнүн жер көчкү бөгөп калуусунан пайда болгон. Бөгөттүн

Көлдүн жалпы көрүнүшү.

бийикт. 120 м, туурасы 500 м, уз. 200 м. Түндүгү менен түш. капталдары тик (60°), урчуктуу аскалар менен курчалган. Айланасы өтө кооз. Аны курчап турган тоолордун түн. капталында ка­рагай, түш. беттеринде арча токою өсөт.