КУЛУМБАЕВ Жусубалы
КУЛУМБАЕВ Жусубалы (1892, азыркы Нарын обл., Нарын р-ну, Куланак айылы – 1978, ошол

жер) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1948). 1919–22-ж. Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1922-жылдан колхоздо малчы болуп ишт еген. Мал чарбасын өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишкен. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.