КУЛИЕВ
КУЛИЕВ Кайсын Шуваевич (1. 11. 1917, азыркы Кабарда-Балкария, Чегем р-ну – 4. 6. 1985, Кабарда-Балкар АССРи, Чегем р-ну, Жогорку Чегем кыш., Чегем I посёлкасы) – балкар

совет акыны, Кабарда- Балкар эл акыны (1967). А. В. Луначарский атн. ГИТИСте окуган (1935–39). «Таңга салам» деген туңгуч ыры 1937-ж. жарык көргөн. К. согушка чейинки ырлары туулган жер табиятын жүрөгү менен сезген лирик экендигин көрсөткөн («Тоо суусунун шыңгыр ыры», «Жамгыр жаады жолдо баратсак» ж. б.). «Менин коңшуларым» аттуу лирикалык циклинде (1939–45;1957-ж. жарыяланган) эмгекчилердин жаркын образдарын түзгөн. К. согуш убагында совет элинин эрдиги ж-дө бир нече ыр циклин, согуштан кийин балкар элинин өткөн тарыхына кайрылып, «Капчыгай ырлары» циклин (1947–51) жараткан. «Жаралуу таш» аттуу ыр жыйнагында (1964; РСФСРдин М. Горький атн. мамл. сыйл., 1966) балкар элинин турмушу чагылдырылган. «Жер китеби» ыр жыйнагы үчүн 1974-ж. СССР мамл. сыйл. ыйгарылган. К. бир топ жыл Кырг-нда жашаган. Көптөгөн ырлары, айрым китептери кыргыз тилинде жарык көргөн. Кыргыз жазуучуларынын (А. Осмонов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков ж. б.) чыгармаларын орус тилине которгон жана алардын чыг-лыгы тууралуу макалалар да жазган. К-дин чыгармалары дүйнө элдеринин көп тилдерине которулган. СССР Жог. Советинин (5-шайл.) депутаты болгон. Лениндик сыйл. лауреаты (1990, өлгөндөн кийин). Ленин ордени менен сыйланган.
Чыг.: Тынчтык күүсү. Ф., 1956; Аскадагы от. Ырлар. Ф., 1969; Собр. соч.: В 3 т. М., 1987.
Ад.: Эфендиева Т., Эфендиев С. К. Кулиев. Нальчик 1997. Ч. !–2.