КУЛИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛИЕВ Кайсын Шуваевич (1. 11. 1917, азыркы Кабарда-Балкария, Чегем р-ну – 4. 6. 1985, Кабарда-Балкар АССРи, Чегем р-ну, Жо­горку Чегем кыш., Чегем I посёлкасы) – балкар

совет акыны, Кабарда- Балкар эл акыны (1967). А. В. Луначарский атн. ГИТИСте окуган (1935–39). «Таңга салам» деген туңгуч ыры 1937-ж. жарык көргөн. К. согушка чейинки ырлары туулган жер табиятын жү­рөгү менен сезген лирик экен­дигин көрсөткөн («Тоо суусунун шыңгыр ыры», «Жамгыр жаады жолдо баратсак» ж. б.). «Менин коңшуларым» аттуу лирикалык циклинде (1939–45;1957-ж. жарыяланган) эмгекчилердин жаркын образдарын түзгөн. К. согуш убагында совет элинин эрдиги ж-дө бир нече ыр циклин, согуштан кийин балкар элинин өткөн тарыхына кайрылып, «Капчыгай ырлары» циклин (1947–51) жараткан. «Жаралуу таш» аттуу ыр жыйнагында (1964; РСФСРдин М. Горький атн. мамл. сыйл., 1966) балкар элинин турмушу чагылдырылган. «Жер китеби» ыр жыйнагы үчүн 1974-ж. СССР мамл. сыйл. ыйгарылган. К. бир топ жыл Кырг-нда жашаган. Көптөгөн ырлары, айрым китептери кыргыз тилинде жарык көргөн. Кыргыз жазуучуларынын (А. Осмонов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков ж. б.) чыгармаларын орус тилине которгон жана алардын чыг-лыгы тууралуу макалалар да жазган. К-дин чыгармалары дүйнө эл­деринин көп тилдерине которулган. СССР Жог. Советинин (5-шайл.) депутаты болгон. Лениндик сыйл. лауреаты (1990, өлгөндөн кийин). Ленин ордени менен сыйланган.


Чыг.: Тынчтык күүсү. Ф., 1956; Аскадагы от. Ырлар. Ф., 1969; Собр. соч.: В 3 т. М., 1987.


Ад.: Эфендиева Т., Эфендиев С. К. Кулиев. Нальчик 1997. Ч. !–2.