КУЛЖА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛЖА , И н и н – Кытайдын түн.-батышындагы шаар. Иле д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Синьцзян-Уйгур автономия р-нунун курамында. Калкы 100 миңге жакын. Тамак-аш (мал чарба продуктусун иштетүүчү), текстиль ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токулат, тери өңдөлөт) өнүккөн. Уран, вольфрам ж. б. түстүү металлдын жана графит, асбест кендүү аймактын борбору. 1762-ж. негизделген.