КУЛЕШОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛЕШО́В Аркадий Александрович [24. 1(6. 2). 1914-ж. т., Могилёв обл., Костюков р-ну, Само­тевич айылы] – беларус эл акыны (1968). Чыг-лыгы 1926-жылдан башталган. Чыгармаларынын негизги темасы – Улуу Ата Мекендик согуштагы элдин эрдиги. К. – «Баранов Василий» (1937), «Эмен токоюнда» (1939), «Бригаданын туусу» (1943; СССР мамл. сыйл., 1946), «Цим­балдар» (1945), «Жаңы нук» (1948; СССР мамл. сыйл., 1949), «Карапайым адамдар» (1949), «Катаал чытырман» деген поэмалардын, «Күн үчүн, ырлар үчүн ..» (1932), «Жаңы китеп» (1964), «Кызыл карагай жана кайың» (1970) ж. б. ыр жыйнактардын автору. Эки Ленин, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.