КУЛАККА ТАРТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛАККА ТАРТУУ – Совет бийлиги орногондон кийин бай дыйкандарга каршы колдонулган чара. К. т. И. В. Сталиндин жетекчилиги менен 1929-ж. РКП(б)нин Ноябрь пленумунун чечимине ылайык ишке ашырыла баштаган. Анын максаты а. ч-нда социализмди куруу болгону менен кийин терең ойлонуштурулбаган саясат экени айкындалган. ВКП(б) БКнын (1930, 30-январь), БАК менен ЭКСтин (1930, 1–4-февраль) токтомдору ж. б. көрсөтмөлөрү б-ча өлкөдө туташ коллективдештирүү башталып, кулактардын мал­мүлкү, жери тартып алынып, өздөрү сүргүнгө айдалууга тийиш болгон. Бул саясат Кырг-нда да ишке ашкан (к. Кыргызстанда тап күрөшүнүн жүрүшү). Башка жерге салыштырмалуу Кырг-нда кулактардын өтө аз болгонуна кара­бастан (мис., Союз б-ча 900 миңден ашык чарба болсо, Кырг-нда ал 1,8%ти гана түзгөн), борбордон келген көрсөтмө б-ча дыйкан чарбасынын 3–5%ин К. т. керек болгон. Бирок аткаруу бийлигинде калыптанган «планды ашыгы» менен аткаруу аракетинен улам орто дыйкан, ал эмес кедей-дыйкандар да кулакка тартылып кеткен. 1930–32-ж-га карата Кырг-нда 5086 киши кулак деп табылып, жеринен ажыратылып, көпчүлүгү Украина, Кавказ, Батыш Сибирь, Түн. Казакстанга көчүрүлгөн. Алардын айрымдары ошол жактарда калып калган.


Ад.: Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана. (Становление политической системы Кыргызского общества). Б., 2005.

Б. Сатаров.