КУК КЫСЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУК КЫСЫГЫ Жаңы Зеландиянын Түн. жана Түш. аралдарын бөлүп, Тасман деңизин Тынч океан менен туташтырат. Уз. 107 км, туурасы 22–91 км, эң тайыз жери 97 м. Чыгыш жээгинде Жаңы Зеландиянын борбору – Уэллингтон (Веллингтон) ш. жайгашкан. Кысык Ж. Куктун ыс­мынан аталган.