КЕСИПТИК ЖУМУШЧУ СТАНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:21, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕСИПТИК ЖУМУШЧУ СТА́НЦИЯ , к е с и п ­т и к ж у м у ш ч у с т а н ц и я с ы (англ. Professional workstation) – сандык ж-а интег­ралдык схеманын дизайны, архитектуралык чийме­лер, техникалык долбоорлоо ж-а чиймелерди иштеп чы­гууда кесиптик колдонмолорду оптималдаш­тыруучу жогорку өндүрүмдүү жеке компьютер. Кесиптик жумушчу станциялар демейде чоң экрандуу, кубаттуу мик­ропроцессорду колдонот ж-а чоң өлчөмдүү эске ээ. Кесиптик жумушчу станция жеке компьютерлерге караганда кым­бат ж-а демейде Unix иштетүү системасынын башкаруусу м-н иштейт. Жумушчу станциялар­дын акыркы моделдери м-н жогорку өндүрүмдүү жеке компьютерлер арасындагы айырма барган сайын азаюуда. Себеби жеке компьютерлердин кубаттуулугу жогорулоодо.