КЕРМЕКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:45, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРМЕКТЕР (Plumbaginaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Көп же бир жылдык чөп ж-а чала бадал. Жалбырагы жөнөкөй, сабакта кезектешип жайгашат, алардын жээги тегиз, сүй­рү же тасмадай, кээде ичке, тикендей, чанда ка­наттай тилкелүү. Гүлү туура түзүлүштүү, эки жы­ныстуу, чөйчөкчөсү 5–10, өсүмдүк бышып же­тилгенде деле күбүлүп түшпөйт, бири-бири м-н биригип, 5–10 бөлүктүү түтүкчөнү түзөт, көбүнчө мала же күлгүн кызыл. Желекчелери 5, өз-өзүнчө болуп, биригип өспөйт, кээде түп жагы эле тү­түкчөдөй. Аталыгы 5, үстүнкү энеликтүү, ал беш мамычалуу, тоголок чаң алгычтуу. Мөмөсү – бир уруктуу, капкакчалуу кутуча. Желекчелери күлгүн, мала, кочкул кызыл, сары же ак. Топ гүлү машакчадай, шыпыргыдай, чанда тоголок, алар жалбыраксыз, узун сабакка чогулган. Кермектердин 15 уруусу, 500 түрү Түндук жарым шардын тропик эмес бөлүгүндө негизинен Евразия, Жер Ортолук деңиз жээгинде кездешет. Кыргызстанда 4 уруусунун 40тан ашуун түрү жарым чөлдө, кур­гак боздоңдо, таштак адырда, кээде шордуу та­кырда өсөт. Айрым түрү ашаткыч, боёк алынуу­чу ж-а кооз өсүмдүк катары колдонулат.