КЕРМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРМЕ , ж а а – 1) көркөм кол өнөрчүлүктүн өр­мөкчүлүк багытында колдонулуучу аспап. Ал – жаа түрүндөгү жыгач. Жыгачтын эки учу жоон кайыштар менен тартылып, ага жыгачтан жа­салган сыдыргы кийгизилет. Керилген кайышка ичке тал-тал болуп тилинген көктү өрүшкөн; 2) эки боз үйдүн аралыгындагы кош мамынын ортосуна 1–1,5 м бийиктикте керилген аркан. Ага таң ашырылуучу күлүк, суутулуучу аттар байланган.