КЕРМАНШАХ
КЕРМАНША́Х , мурдагы Б а х т а р а н – Ирандын батышындагы шаар. Керманшах останынын административдик борбору. Загрос тоосунда, деңиз деңгээлинен1600 м бийиктикте, Тегеран – Багдад (Ирак) автомагистралынын жээгинде жайгашкан. Калкы 800,4 миң (2008). Жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаарды 4-кылымда Сасаниддер династиясынын шахы Бахрам IV негиздеген. Алардын жайкы резиденциясы болгон. 11-кылымда селжуктардын бийлиги астында туруп, Күрдстандын өнөр жайлуу башкы шаарына айланган. Керманшах 1980–88-жылдарда Иран – Ирак согушунда жабыркаган. Университеттер (Рази, 1974; медициналык илимдер, 1986), этнология музейи бар. Маанилүү соода-өнөр жай борбору. Нефть ажыратуу, жеңил (текстиль, булгаары-бут-кийим ж. б.), тамак-аш (анын ичинде кант), айнек өнөр жайы жана курулуш материалдар (цемент) өндүрүшү иштейт. Килем токулат. Керманшахтан 5 км түндүк-чыгышта Таге-Бостан комплекси (аска бетиндеги 385 майда, 600гө жакын оюк үңкүрлөрдөн турат) ж-а 30 км аралыкта дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска жыл баяны жайгашкан (к. Бехистун жазмасы).