ЖАЙЫЛ РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:06, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЫЛ РАЙОНУ – Чүй облусундагы административдик-аймактык бирдик (1993-жылга чейин Калинин району). 1927-жылы уюшулган. Чыгышынан Москва, батышынан Панфилов, түштүгүнөн Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр айыл округу, Нарын облусу, түштүк-ба­тышынан бир аз бөлүгү Талас облусу, түндүгүнөн Казакстан менен чектешет. Аянты 3,2 миң км2. Калкы 115,6 миң (2023), Кара-Балта шаарынын кал­кын кошкондо. Райондо 1 шаар, 13 айыл аймагы, 36 кыштак бар. Борбору – Кара-Балта шаа­ры. Райондун аймагын негизинен Чүй өрөөнү (деңиз деңгээлинен 500–1000 м бийиктикте) жана Кыр­гыз Ала-Тоосунун түндүк капталы (эң бийик жери 4442 м) жана Суусамыр өрөөнүнүн эл отурукташ­кан түштүк бөлүгү (2000–2400 м) ээлейт. Жери тоо­луу, түздүктүү болуп бөлүнөт. Кен байлыктары: курулуш материалдары, минералдуу булактар. Климаты континенттик, январдын орточо температу­расы Чүй өрөөнүндө –7,7°С, июлда 23,5°С, Суу­самырда январдыкы –22,3°С, июлдуку 13,5°С. Жылдык жаан-чачыны өрөөндө 430 мм, тоолор­до 600–800 ммге, Суусамыр өрөөнүндө 376 ммге чейин. Ири суулары: Чүй, Кара-Балта, Сууса­мыр, Батыш Каракол. Капчыгайларындагы суу жээктеринде бөрү карагат, чычырканак, ит му­рун, тал, байтерек жана башкалардан турган бадалдуу токой, тоо капталдарында арча кездешет. Ай­доо аянтына айлана элек айрым жерлеринде бетеге, шыбак өсөт. Өрөөндөрдө боз, тоо капталдарында кара күрөң жана кара, Суусамыр өрөөнүндө коңур топурактар басымдуу. Райондо жашаган калктын 44,5%и шаарда (Кара-Бал­тада), калган 55,5%и айыл-кыштактарда жа­шайт. Жалпы калктын 47,4%ин эркектер, 56,2%ин аялдар түзөт. Негизинен кыргыз (48,3%), орус (38,9%), ошондой эле украин (5,6%), казак (2,2%), корей (1,9%), немис (1,9%) жана башка улуттар жашайт. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 29 адам (облуста 37) туура келет. Жалпы калктын 30,5%и (28,7 миң) 16 жашка чейинки жаштар, 15,5%и (24,6 миң) эмгек жашынан өткөндөр, 54,0%и (50,8 миң) эмгек курагындагылар. Эмгек курагындагылардын 32,6%и айыл чарбасында, 20,1%и өнөр жайда, 10,9%и соода­да, 4,3%и транспорт жана байланышта, 3,9%и курулушта, 11,9%и саламаттык сактоодо жана билим берүүдө ж. б. тармактарда эмгектенет.
Жайыл району – республикадагы өнөр жайы өнүккөн региондун бири. Уран жана алтын концентраттарын таза­лоочу, кант, ун, нан, сүт, консерва, электр-техникалык буюмдар, спирт, кийим тигүү жана башка өнөр жай про­дукцияларын чыгаруучу ишканалары бар. Өнөр жай ишканалары негизинен Кара-Балта шаарында жай­гашкан. Алар: «Кыргызалтын» акционердик коомунун «Афи­наж өндүрүү» филиалы (2006-жылы 9025,8 млн сом­дук продукция өндүргөн), «Кара-Балта спирт за­воду» мамлекеттик ишканасы (217,0 млн сом), «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» акционердик коому (124,8 млн сом), «Кара-Балта СЭЗ» (64,5 млн сом), «Кара-Бал­та арагы» (42,1 млн сом), «Кара-Балта килем» (4,5 млн сом) жоопкерчилиги чектелген коомдору «Кара-Балта нан заво-

ду» акционердик коому (2,8 млн сом) ж. б. Райондо 2005-жылы 10,0 млрд сомдук (облустун 55,9%) өнөр жай продукция­сы өндүрүлгөн. Айыл чарбага жарактуу 231,9 миң га жердин (облус­тагы айыл чарбага жарактуу жердин 17,5%и) 80 миң гасы айдоо аянты (18,8%), анын ичинде сугат жери 38,2 миң га (13,8%), кайрак жери 41,5 миң га (28,3%), көп жылдык бак-дарак аянты 0,9 миң га (11,3%), чабынды 1,2 миң га, жайыт 149,8 миң га (облустагы жайыттардын 17,2%и). Айдоо жерлерге дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр – кант кызылча, көк чай чөп, ажгон, тоют өсүмдүктө­рү, картөшкө жана бакча өсүмдүктөрү эгилет. 2005-жылы 23,0 миң уй, 55,0 миң кой-эчки, 7,0 миң жылкы, 14,9 миң чочко, 19,0 миң үй кушу бол­гон. Райондо 2006-жылы 10,1 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 32,3 миң т чийки сүт, 8,9 млн даана жумуртка, 145 т жүн өндүрүлүп, 99,7 миң т дан эгиндери жана дан-буурчак, 21,6 миң т картөшкө, 24,0 миң т жашылча, 24,8 миң т кант кызылча жана 2,8 миң т мөмө-жемиш жыйналган. Райондун аймагы аркылуу Чалдыбар – Биш­кек – Балыкчы темир жана автомобиль жолдо­ру, ошондой эле Бишкек – Ош (Төө-Ашуу тешкен тоо­су аркылуу) автомобиль жолу өтөт. Райондо автомобиль транспорту менен 2006-жылы 1,0 млн т жүк ташылып, жүргүнчү ташуунун жүгүртүлүшү 147,4 млн жүргүнчү-километрге жеткен. Район­до калкка көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдүн жалпы көлөмү 368,7 млн сомду түзгөн (облустукунун 14,2%и).
Райондо жалпы билим берүүчү 25 мектеп (16 орто, 5 толук эмес орто, 4 башталгыч мектеп), 32 китепкана, 25 клуб жана маданият үйлөрү иште­ген. Калктын саламаттыгын сактоодо 599 орун­дуу 3 оорукана, 11 айылдык дарыгерлер бөлүмү (участкалар) иштеп, 248 дарыгер, 854 медициналык орто билимдүү кызматкер эмгектенет. Райондо 10 миң адамга 24,8 дарыгер, 60 койка-орун туура ке­лет. «Жаңы мезгил» («Новое время») гезити кыргыз жана орус тилдеринде чыгат.
Райондун чегинде туризмди өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар. 6–15-кылымдарга таандык тары­хый Шиш-Дөбө шаар чалдыбары, жаратылы­шы кооз Кара-Балта капчыгайы, Бишкек – Ош жолундагы Суусамыр жайлоосу, кыргыз элине белгилүү балбан – Кожомкул Каба уулунун (1888–1955) үй-музейи жана башка объектилердин рек­реациялык мааниси зор.

А. Актанова , А. Мырзаев.