ЕНИСЕЙ
ЕНИСЕ́Й , (эвенкиче Иоанеси, сөзмө сөз – чоӊ суу, дарыя маанисинде) – Азиядагы суусу мол эӊ ири дарыялардын бири. Россиянын Краснояр крайында, жогорку агымы Тувада. Негизинен Батыш жана Чыгыш Сибирди бөлүп, түндүктү карай агат да, Кара (Карск) деӊизинин Енисей булуӊуна куят. Чоӊ Енисей (Бий-Хем) менен Кичи Енисейдин (Ка-Хем) кошулушунан түзүлөт. Узундугу 3487 км (Кичи Енисейдин башталышынан 4102 км, Чоӊ Енисейдин башталышынан 4092 км), алабынын аянты 2580 миӊ км2. Тува ойдуӊу аркылуу аккан бөлүгүндө Жогорку Енисей (Улуг-Хем) деп аталат. Батыш жана Чыгыш Саяндан өткөндөн кийин Батыш Сибирь түздүгү менен Орто Сибирь бөксө тоосунун чек арасы боюнча агат. Енисей токол тоосунун тармактарында Казачье жана Осина босоголорун пайда кылат. Төмөнкү агымында салааларга бөлүнүп, нугунун жазылыгы 15–20 кмге жетет, тереӊдиги 15 мден кем эмес. Енисей негизинен кардын эриген суусунан (83%) куралат; куралышындагы жамгыр суусунун үлүшү 8%, жер астындагы суунуку 9%. Негизги куймалары: Туба, Кан, Ангара, Таштуу Тунгуска, Төмөнкү Тунгуска, Курейка, Хантайка (оӊ куймалары); Хемчик, Абакан, Турухан, Кичи жана Чоӊ Хета, Танама (сол куймалары) ж. б. Суусунун көп жылдык орточо чыгымы Игарка шаары тушта 18 500 м3/сек, эӊ көбү 132 000 м3/сек, эӊ азы 5210 м3/сек. Агымынын жылдык орточо көлөмү 584 км3, Енисей булуӊуна куярда 625 км3. Енисейдин көп бөлүгүндө жазында суусу кирип, жайында ташкындайт; жогорку агымында жаз, жай мезгилдеринде кирет. Жайкы межень август – октябрга, кышкысы ноябрь – апрелге туура келет. Октябрь – ноябрдан майдын аягы – июндун башына чейин муз каптап жатат. Дарыя суусунун режимин теске салууда Енисейде жана анын куймаларында курулган Саян-Шушь, Краснояр (Енисейдин өзүндө), Иркут, Братск, Усть-Илим (Ангарада), Хантай, Курейка сыяктуу ГЭСтердин, суу сактагычтардын мааниси зор. Саяногорск

шаарынан баштап кеме туруктуу каттайт. Кемелерди төмөнкү бьефтен Краснояр суу сактагычына
өткөрүү жана андан кайра жөнөтүү үчүн кеме көтөргүч курулган. Деӊиз кемелери Игаркага чейин бара алат. Енисейдин жээгинде Шушь Токою улуттук паркы, Саян-Шушь, Столбы коруктары бар. Боюндагы ири шаарлары, порттору: Кызыл, Саяногорск, Минусинск, Абакан, Дивногорск, Красноярск, Лесосибирск, Енисейск, Игарка, Дудинка. Енисейдин жогорку агымында – Минуса ойдуӊунда кыргыздар жашагандыгы алгач биздин заманга чейин 3–1-кылымдардагы Кытай булактарында эскерилет, к. Енисей кыргыздары макаласын.
Ад.: Антонов В. С. Енисей. Гидролого-навигационный очерк. Л., 1962; Михайлов В. Н. Исследования водного и руслового режимов устьевой области Енисея // Географические аспекты исследований и использование водных ресурсов в СССР. М., 1982; Вуглинский В. С. Водные ресурсы и водный баланс крупных водохранилищ СССР. Л., 1991.
Ө. Бараталиев.