КОЙ ЖАЛБЫРАК
КОЙ ЖАЛБЫРАК (Ligularria) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруу. Бийиктиги 50–150 смге жеткен көп жылдык чөп. Сабагы жоон, тик өйдө өсөт, түктүү же түксүз. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, саптуу, жээги тегиз, кээде тишчедей майда тилкелүү; формасы бөйрөктөй же сүйрү, узундугу 10–50 см, туурасы 1,5 – 25 см. Себетчелери майда же ири (диаметри 10 –30 мм). Алар сабактын учунда бирден же бир нечеси биригип калемчедей, шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Желекчелери сары түстө. Себетчедеги тегерек гүлдөрү тилчедей, бир же эки жыныстуу. Гүл ороочтору эки катар. Аталыгы 5, энелиги 1. Мөмөсү – ак, киргилт сары, күрөң же кызгылт, үкүчөлүү данча,. Жер жүзүндө 150 түрү белгилүү, алар Чыгыш ж-а Борбордук Азиянын мелүүн аймактарында, Европада таралган. Кыргызстанда бөксө тоодон тартып, бийик тоого чейинки шалбаа, токой, бадал арасында, суу, булак, көл жээгинде, саздак жерде өсөт. Силос катары маанилүү.