КОЖОКМАТОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОКМАТОВА Гулия Сатындыевна (14. 2. 1958-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ок­тябрь айылы) – медицина илимдеринин доктору (1999), профессор (2001). И.К. Ахунбаев атындагы КММИни (1982), Москва­дагы И. К. Пирогов атындагы борбордук травматология ж-а ортопедия институтунун аспирантурасын (1987) бүтүргөн. 1987-жылдан ошол эле институтта клини­калык ординатор, илимий кызматкер. Өзбек травма­тология ж-а ортопедия ИИИде улук илимий кызмат­кер, ассистент. Кыргыз мамлекеттик врачтардын адис­тигин жогорулатуу ж-а кайра даярдоо институтун­да, 1999-жылдан КММАда профессор. Травматоло­гия ж-а ортопедия боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги анын ичинде 2 монография, 7 автордук күбөлүк ж-а окуу китеби бар.

Эмг.: Экзогенный остеомиелит (в соавторстве). Б.,1997; Лечение и профилактика последствий боевых повреждений конечностей. Б., 1998.