КОГЕЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:41, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОГЕ́ЗИЯ (лат. cohaesus – байланышкан) – бир тектүү заттардын (суюк же катуу) бөлүкчөлө­рүнүн жармашуусу. Ал заттагы бөлүкчөлөрдүн (атомдор, иондор) ортосундагы химиялык байланыш ж-а молекула аралык өз ара аракеттениши м-н шартталат. Бөлүкчөлөрдүн өз ара тартылыш күчтөрү берилген заттын физикалык, физика-химиялык, механикалык касиеттерин (заттын агрегаттык абалын, бууланышын, эришин ж. б.) аныктайт.