КОАГУЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОАГУЛЯ́ЦИЯ (лат. сoagulatio – уюу, коюула­нуу) – молекулардын тартылуу күчтөрүнүн таа­сири м-н майда бөлүкчөлөрдүн биригип, чоңу­раак бөлүкчөлөрдү пайда кылуусунун натыйжа­сында коллоиддик эритмелер фазаларга ажы­рап, чөкмөлөрдү же килкилдектерди пайда кы­луу процесси. Коагуляция кубулушу өзүнөн-өзү абдан жай жүрөт. Аларды тездетүүнүн эң негизги ыкмала­ры – коллоиддик эритмелерге ар түрдүү элек­тролиттерди кошуу. Электролиттерди кошкон­до, коллоиддик бөлүкчөлөрдүн алгачкы зарядда­ры азаят же нейтралдашат да,коагуляция процесси тез­дейт. Кээ бир коллоиддик эритмелер температура­нын жогорулашынан коагуляцияланат. Мисалы, жумуртка агынын уюшу, сүттүн эжигейге айланышы ж. б. коагуляция жаратылыштагы процесстерде кенен тарал­ган, мисалы, геологияда минералдын пайда болу­шу, атмосферада аэрозолдун таркашы, өнор жайда сус­пензия, эмульсиялардын пайда болуусу.