КЛОН
КЛОН (гр. klon – бутак, чырпык) – жыныссыз көбөйүү жолу м-н жалпы тектен келип чыккан клеткалар же особдор жыйындысы. Клондордун пайда болушу митоздун негизинде ишке ашып, генетикалык маалымат энелик ж-а туунду клеткаларга тең бөлүнөт. Ошондуктан клондор тукум куугучтугу бирдей клеткалардан турат деп эсептелет. Бирок клондордун бирдейлиги мутациянын натыйжасында өзгөрөт. Клондордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү тынымсыз тандоо аркылуу сакталат. Вегетациялык көбөйүүчү айдалма өсүмдүктө (мис., картөшкөдө), көпчүлүк учурда сорт өз алдынча клон болуп саналат. Клондоштуруу жолу м-н (башкача айтканда вегетациялык көбөйүү аркылуу) сорттун өзгөчөлүгүн сактоого болот.