КЛИЧКО 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИЧКО́ Виталий Владимирович (19. 7. 1971- жылы туулган, Кыргкыргыстан, Москва району, Беловодский айы­лы)

– украин профессионал бокс чебери. Бир тууган Кличколордун улуусу. Атасы аскер кызмат­кери болгондуктан, үй-бү­лөсү1985-ж.Украинага кет­кен. Кличко 14 жашынан бокс м-н алектенген. WBO ж-а WBC версиялары боюнча оор салмактагы профессионал­дар арасында дүйнөнүн чем­пиону. Европанын, конти­нент аралык ж-а кикбок­синг боюнча дүйнөнүн 6 жолку (4 жолу профессионалдар, 2 жолу спортту сүйүүчүлөр арасында) чемпиону. Өзүнүн профессионалдык баскычын Кличко1996-ж. Гамбургдун Universum Box Promotion (Германия) клубунда баштап, К. Бёрд, Л. Льюис, К. Сандерс сыяктуу бокс чеберлери м-н таймашкан. Ал профессионалдык рингде 39 жолу беттешип, 37синин 36сын нокаут м-н жеңген (2009); 26 таймашты эң аз раундда но­каут м-н жеңген оор салмактагы 1-дүйнө чем­пиону катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. 2004-ж. боксту таштап, 2008-ж. кайтып келген. 1998–2003-ж. эл аралык «Спорт-XXI» спортту өнүктүрүү фондусун жетектеген. Украи­на Баатыры, Украинанын «Эрдик» ордени м-н сыйланган.

Р. Аманкулов.