«КҮЛГААКЫ»
«КҮЛГААКЫ» – кыргыз эл дастаны. Негизги темасы – aта журтту коргоо, идеясы – калк достугун бекемдөө. Дастандагы окуялар кыргыз эли менен калмактардын ортосунда 16–18-кылымда болгон кагылышты чагылдырат. «Күлгаакынын» качан пайда болгону ж-дө так маалымат жок. Дастандын жаралышына Күлгаакы ж-дөгү уламыш, санжыралар негиз болгон. Дастандын баш каарманы Күлгаакы – калмак ханынын кыргыз аялдан төрөлгөн кызы. Ал 14 жашында эле калкка кайрымдуу, адилет эл башкаруучу болгон. Күлгаакы кыргыз жигит Гүлжигитке турмушка чыгып, калмак менен кыргызды достоштурган. Дастандагы Догон, Долухан, Таргын – терс кейипкерлер. Алар кол курап келип, Күлгаакы менен Гүлжигитти өлтүрөт. Бирок дастанда адилеттүүлүк, акыйкат жеңип, окуя калмактардын кыргыз жергесинен куулушу менен аяктайт. Дастан Орозбай Урманбетовдун варианты б-ча басмадан чыгып (1969), окурмандарга тартууланган.