КЫЗМАТЧЫ СӨЗДӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗМАТЧЫ СӨЗДӨР – сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара албаган, бирок сөз же сүйлөмдү байланыштырууда же ар кандай кошумча маа­нини билдирүүдө колдонулган сөздөр. Алар өз алдынча турганда мааниге ээ эмес жана сүйлөм мүчөлөрү да боло алышпайт. Буларга байлам­талар, жандоочтор, бөлүкчөлөр жана модалдык сөздөр кирет. Кызматчы сөздөр толук маанилүү (негизги) сөздөрдүн семантикалык, грамматикалык (синтаксис­тик) жактан олуттуу өзгөрүүгө учурап, бир нече белгилери боюнча сөз мүчөсүнө жакындашып кетишинен пайда болот.