КОМПЬЮТЕР ПРОГРАММАСЫ
КОМПЬЮ́ТЕР ПРОГРАММАСЫ , п р о г р а м м а л ы к ж а б д у у – компьютерди берилиштен маалымат иштеп чыгууга багыттоочу көрсөтмөлөр тобу. Бул көрсөтмөлөр программачы тарабынан программалоо тилинде жазылып сөз, символ ж-а код тобунан турат. Программа тилинин көрсөтмөсүн компьютер түшүнөт ж-а тааныйт. Компьютер программасы буйруктардан турат ж-а берилишти иштетип, маалымат түзүү үчүн зарыл болгон аракетти компьютерде аткартат. Программа эске жүктөлөт ж-а анда компьютер аткара турган аракеттер аныкталат. Программа түзүлгөндөн кийин, ал баскыч топ тактасын ж-а орундарды башкаруучу түзүлүштөрдү пайдалануу м-н компьютерге киргизилет. Компьютерде анын тез эсиндеги программаны гана аткартууга болот, эгерде программа сактагыч түзүлүштө сакталса, анда аны алдын ала эске жүктөп алуу керек.