КОМПЛЕКСТҮҮ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:14, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЛЕКСТҮҮ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР – кура­мында ар кандай катышта эки, үч же андан көп азык элементтери (азот, фосфор, калий ж-а микроэлементтер) бар жер семирткичтер. Комплекстуу жер семиркичтер азык элементтеринин санына жараша экилтик (азот-калий, калий-фосфор, азот-фосфор) ж-а үчилтик (азот-фосфор-калий) деп бөлүнөт.
Өндүрүп алуу ыкмасына жараша татаал, та­таал аралашма ж-а аралашма, агрегаттык аба­лы боюнча – суюк ж-а катуу болуп да айырмала­нат. Татаал Ккомплекстуу жер семирткичтрге аммофос, диаммофос, калий селитрасы, полифосфаттар таандык. Та­таал аралашма комплекстуу жер семирткичтер экиден кем эмес азык заттардын\ камтыйт да, бирдиктүү технологиялык процесстин негизинде аммиактын, фосфор, азот ж-а күкүрт кислоталарынын, аммоний нитратынын эритмесинин, фосфориттин ж-а аппатиттин, калий туздарынын ж. б. алгачкы компонентте­ринин химиялык өз ара аракеттенүүсүнөн алынат. Буларга нитрофоска, нитроаммафос, мочевина фосфаты, фосфор амиди кирет. Аралашма жер семирткичтер эки, үч жөнөкөй жер семирткич­терди механикалык жол м-н аралаштыруудан алынат. Мында семирткичтерди аралаштыруу эрежесин туура сактоо талап кылынат.

Ад.: Войтович Н. В., Андреев С. С., Шафран С. А.Ассортимент минеральных удобрений и экономическая эффективность их применения. М., 2005.

Н. Дүйшөмбиев.