КЕҢКОЛ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢКОЛ КӨЛҮ Фергана тоо тизмегинин түштүк- батыш капталындагы Кызыл-Үңкүр өрөөнүнүн баш жагынан орун алган. Базар-Коргон району­нун аймагында. Деңиз деңгээлинен 1840 м бийикте жатат. Узундугу 700 м, туурасы 100–120 м, аянты 0,1 км2, тереңдиги 20–25 м. Көл байыркы море­нанын өрөөндү бөгөп калышынан пайда бол­гон. Бөгөттүн бийиктиги 50–60 м. Көлдөн Кеңкол суусу агып чыгып, Отуз-Арт суусу м-н кошу­луп, Кызыл-Үңкүр суусун түзөт. Көлдү курча­ган тоо капталдары тик, анда арча, карагай токою, көлдүн башталышындагы чакан дель­тачада тал, терек жыш өсөт. Көлдө көк чаар, маринка, жилингир ж. б. балыктар бар.