КЕҢКОЛ
КЕҢКОЛ – Талас дарыясынын оң куймасы. Талас районунун аймагында. Узундугу 35 км. Алабынын аянты 406 км2, орточо бийиктиги 2540 м. Кыргыз Ала- Тоосунун батышындагы Башкы-Суу ашуусунан башталып, негизги кырка тоо ж-а ага жарыш жаткан түштүк тармагы – Кара-Жылга тоосунун ортосу м-н агат. Кара-Жылга тоосу жак өндүрү тик. Өрөөнү тепши сымал. Ири куймалары: Ботом-Чал, Жошо, Чокой, Терек, Чачыкей, Коргон-Таш. Көп жылдык орточо чыгымы 2,39 м3/сек, эң көбү 4,14 м3/сек, эң азы 0,77 м3/сек. Суу май–июнь айларында кирип, августта тартыла баштайт. Жаан-чачындан гана куралган суу. Талас өрөөнүнө чыккандан кийин 4 сугат каналына бөлүнөт. Боюнда Таш-Арык, Орто-Арык, Ак- Жар кыштактары ж-а Манастын күмбөзү жайгашкан.