КЕҢИРИ АЙМАКТЫК ТАРМАК
КЕҢИРИ АЙМАКТЫК ТАРМАК , г л о б а л д у у к о м п ь ю т е р т а р м а г ы [англ. Wide Area Networks (WAN)] – географиялык аймакты (шаар же мамлекет) камтыган ж-а телефон кабелдерин, жердин жасалма жандоочусун ж. б. байланыш каналдарынын бирикмесин колдонгон компьютердик тармак. Кеңири аймактык тармактарды тейлөө жеке же мамлекеттик болушу мүмкүн. Берилиштердин электрондук системалары, мисалы, кеңири жеке байланыш-катыш тармагын калыптандырып алып, ишкердик компьютер кызматынын талабын камсыз кылат.