КЕҢЕШ (Ноокат районундагы кыштак)
КЕҢЕШ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1110 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 33 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 14 км. Калкы 3567 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, дарыкана бар.