КЕҢЕШ (Кара-Кулжа районундагы кыштак)
КЕҢЕШ – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кеңеш айыл округуна караштуу. Кара- Дарыянын боюнда, деңиз деңгээлинен 1820 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 16 км батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 106 км. Калкы 2796 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.