КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Какшаал кырка тоосу­нда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ 1 to КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Какшаал кырка тоосу­нда)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Какшаал кырка тоосу­нун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Ак-Сай суусунун сол куймасы. Мүдүрүмдүн ала­бында, Болгонду ж-а Жырганакты мөңгүлөрү­нүн аралыгында жайгашкан. Узундугу 5,2 км, аянты 6,7 км2, абляцияcынын аянты 2,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4920 м, этеги 3980 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4260 м. Мөңгүдөн агып чыккан өзөн Мүдүрүмдүн сол куймасы –Кең-Төргө сол тараптан куят.